Облустагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовдун айтымында, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Курманбек Бакиевди колдоп 300-400 адам митингге чыгышты. Алар К.Бакиевдин коопсуздугун камсыз кылууну талап кылып, убактылуу өкмөттүн иш аракетин сынга алышып, К.Бакиевди легитимдүү президент дешүүдө. Митингге азырынча Курманбек Бакиев келе элек, ал жерде иниси Акмат Бакиев жүрөт. (AJ)