Жалал-Абадда ушул мүнөттөрдө өтүп жаткан митингге брондолгон унаа менен Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиевдин коштоосунда келди. Кабарчыбызыдын айтымында, Курманбек Бакиевди анын куралчан жан сакчылары туш тарабынан коргоодо. Милиция алыстан байкоо салып турат. Бүгүн Жалал-Абадда К.Бакиевди колдогон митинг өтүп, ага бир жарым миңге жакын киши катышууда. (ZMa)