Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Убактылуу өкмөт К.Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратты

Бул тууралуу убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, К.Бакиев учурда Жалал-Абад облусунда митингдерди өткөрүп коомчулукка коркунуч жагдай түзгөндүгүнөн жана түндүк-түштүккө бөлүү аракетинен улам убактылуу өкмөт ушундай чечим кабыл алууга барды.

Ал эми Адахан Мадумаров президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу убактылуу өкмөттүн декретин туура эмес деп эсептейт. К.Бакиев Жалал-Абадда митинг өткөрүп, өзүн легитимдүү президент экенин, убактылуу өкмөт мыйзамсыз аракеттерге барганын билдирди. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG