Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Жалал-Абадда митинг уланууда


Облустун мурдагы губернатору Кошбай Масиров эл алдында сүйлөгөн сөзүндө К.Бакиевдин бийлиги Жалал-Абад облусунда бир катар ишканаларды ачып, Чаткалда алтын комбинаттарды иштеткенин, облус социалдык-экономикалык жактан өскөнүн белгиледи. К.Масиров легитимдүү президент К.Бакиевди коргоп жана сактап калууга мүмкүнчүлүктөрү жетерин билдирди.
“Ак жолчу” депутат Кубанычбек Жолдошев дагы Конституциянын негизинде шайланган президент К.Бакиевди колдоого элге чакырык таштады.
Убактылуу өкмөт бүгүн К.Бакиевди президенттик кол тийбестик укуктан ажыратуу тууралуу декрет кабыл алды.
"Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда митингге 3-4 миңдей адам катышууда.(AJ)

XS
SM
MD
LG