Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Пакистан экстремисттердин Индияга кол салуусуна жол бербейт


Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гиланинин сөзүнчө, ал экстремисттердин Пакистанды Индияга кол салчу база катары пайдалануусуна чыдабайт. Гилани Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө Пакистан кээ бир экстремисттик топторго тыюу салып, алардын банктагы акчаларын камакка алганын да кошумчалады.

Реза Гилани жекшемби күнү Барак Обама менен болгон кездешүүдө АКШ президенти Пакистанда жайгашкан “Лашкар-е-Тейба” жөнүндө сөз козгогонун ырастады.

Учурда, Гиланинин айтышынча, Пакистан өкмөтү “Лашкар-е-Тейба” группасынын 2008-жылы Мумбайда жасалган чабуулга катыштыгы бар экенин тастыктаган кошумча далилдерди чогултууда. Чабуулда 166 кишинин каны төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG