АКШ президенти Барак Обама жана Кытай лидери Ху Цзянтао Ирандын ядролук программасын талкуулашты. Сүйлөшүү ядролук коопсуздук боюнча Вашингтондо өтүп жаткан эл аралык жыйындан тыш убакта өттү.
Кытай тараптын өкүлү Ма Жаоцзу жолугуу боюнча жасаган билдирүүсүндө Иранга каршы жаңы санкция колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу ооз ачпады. Бирок Кытай Ирандын ядролук проблемасын чечүүдө бардык жактар дипломаттык жол менен аракеттент деген үмүттө экенин Ма белгилей кетти.
Барак Обама БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын уранды байытуусун токтотуу үчүн Тегеранга каршы төртүнчү ирет санкция колдонууга жетишүүгө умтулууда.
БУУнун туруктуу мүчөсү Кытай тирешүү санкциясыз жөндөлүүсүн жактаарын билдирди.