Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Түркиянын Гебзе шаарында Чынгыз Айтматов атындагы парк ачылды


Гебзе шаарында Йеникент районунда Ч.Айтматов атындагы парк ачылды 2008-жылы дүйнөдөн кайткан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун элесине арналган бул парктын ачылыш аземинде лентаны Гебзе шаарынын мэри Аднан Кошкер жана Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери жана Түркияда билим алып жаткан окуучулар кесишти.

Аба ырайы жаан чачындуу болгондуктан аземдин атайын даярдалган концерттик программасы жабык залда өттү. Программада Гебзенин мэри жана Стамбулдагы Кыргызстандын консулунун жардамчысы сөз алып сүйлөштү.

«Бул паркты куруу менен боордош кыргыз эли менен болгон тарыхый тууганчылык байланыштарды дагы да чыңдадык, жаштарыбыз 150дөн ашык тилге которулган, көптөгөн повесть жана романдардын автору Ч.Айтматовду жана анын чыгармаларын жакшы таанышы жана окушу керек, ушул максатта паркка анын ысмын берип жатабыз», - деди Гебзенин мэри Кошкер.

Йеникент районунда мектептин жанында 6000 чарчы метр жерде атайын дизайн менен курулган паркта жаш балдар үчүн ойноо жайлары, фитнес спорттук машыгуучу куралдар жана отургучтар бар.

Гебзе шаары Кыргызстандагы Каракол шаары менен достошкон. Гебзеде Ысык-Көл көчөсү ал эми Караколдо болсо Гебзе көчөсү бар.


Азамат Токтосунов,
Мимар Синан Университетинин магистранты
azamed@ymail.com Стамбул, Түркия





XS
SM
MD
LG