Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:49

Коомдук комиссия сүйлөшүү процессин баштаганы жатат


Апрель ыңкылабын иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссияга кирген айрым укук коргоочулар Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөнүн түштүгүнө жөнөп кетишти. Аталган комиссия өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн убактылуу өкмөт жана кызматын тапшыруудан баш тартып жаткан президент К. Бакиев менен сүйлөшүү керектигин жарыялаган. Комиссиянын өкүлү, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” өлкөдөгү азыркы кырдаал мыйзамдуу жол менен чечилиши зарыл, деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG