Кандуу кагылышта оор жаракаттан каза болгон Рустам Шамбетов мурда темир жол тармагында проводник болуп иштеп жүрүп, ал мекемеге Нариман Түлеев жетекчи болуп барганда жумушунан бошотулган. Р.Шамбетовдун сөөгү эртең Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Медициналык академиянын окутуучусу Мурат Качкынтаев “Азаттыкка” билдирди.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиеванын билдиришинче 7-8-апрелде оор жаракат алган жетимиштен ашуун адамдын көпчүлүгүнүн абалы жакшы болуп калды. “Жаракат алгандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, дары-дармек жетиштүү”,-деди Д.Ниязалиева. (AJ)