АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк бүгүн Бишкекке келди. Ал Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугуп, өлкөгө гуманитардык жардам алып келүү, “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор жөнүндө жана башка маселелерди талкуулайт. АКШнын расмий өкүлү президент К. Бакиевдин өзү же анын өкүлдөрү менен сүйлөшүү ою жок экени да белгилүү болду. (КС)