Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

К. Бакиев Убактылуу өкмөт жетекчилери менен сүйлөшүүгө даяр


-Эң негизгиси ал сүйлөшүүгө даяр,-деп билдирди Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка".- Курманбек Салиевич айтты, кетиш оңой, кетип да калганга мүмкүнчүлүгүм бар, бирок мен кетпейм, анткени Кыргызстандын бүгүнкү акыбалын түшүнүп атам, эртеңки акыбалын да түшүнүү керек. Юридикалык процедуралар сакталмайынча бийлик өткөнү легитимдүү процесс болбой калат деп айтты.

К. Бакиев өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууну Убактылуу өкмөткө биринчи шарт катары коюуда. Экинчиден, ал президентке караштуу мүлктөрдү рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттерин токтотууну талап кылды. Ал эми бир туугандары жөнүндө алардын өзүнчө статусу бар жана мыйзам чегинде жооп берсин деген оюн билдирген.

К. Бакиев болуп өткөн кейиштүү окуяларда күнөөсү бар экенин танбайт жана мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр. Ал Кыргызстандан кетпей турганын, өлкөнү экиге бөлүп-жарууга жол бербей турганын дагы айтыптыр.

Президент ошондой эле ЕККУнун мандаты менен эл аралык комиссия келип, Кыргызстандагы окуяларды иликтеп, бийликтин легитимдүү жол менен өткөрүлүп берилишине көз салышын суранган.

XS
SM
MD
LG