Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Р.Отунбаева: К.Бакиевде эки мүмкүнчүлүк бар болчу


Биринчиси К.Бакиевди алып келип мыйзам чегинде жоопко тартуу. Экинчиси өлкө аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Бирок экинчи жол ал үчүн жабык. Анкени ал өзү менен кошо онго чукул адамды алып чыгып кетүүнү өтүнгөн. Алардын арасында анын бир тууганы Жаныш Бакиев, Бакыт Калиев жана куралдуу ондогон адамдар бар. Булардын өлкө аймагынан чыгып кетүүсүнө эч качан жол берилбейт. Ошондуктан биринчи жолу калат – ал сот жообуна тартуу. Бул тууралуу убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров кырдаалды турукташтыруу максатында Ош, Жалал-Абадда жүрөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG