Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

А.Абдырасулова: К.Бакиев жооп берүүгө даяр


Ал болуп өткөн окуяга байланыштуу жоопкерчиликтен качпастыгын, өзүн күнөөсүзмүн деп эсептебестигин, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова бүгүн Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп чыккандан кийин “Азаттыкка” кабарлады.
Анын айтымында, К.Бакиев ушунчалык кан түгүлгөндөн кийин президенттик орунга жабышпастыгын, өлкө башчысы болууга моралдык укугу жок экендигин билдирди.

“К.Бакиев премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары Роза Отунбаеваны эсептейм деди. Р.Отунбаева тажрыйбалуу жогорку деңгээлдеги дипломат. Осетияда болгон чоң кагылышууларды чечип жүргөн адам. Бирок анын жалгыз чечим кабыл алуусуна тоскоолдуктар болот деп айтты. Ал ошондой эле убактылуу өкмөт өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылса кызматын өткөрүп берүүгө сүйлөшүү процессинде документтерге кол коюуга даяр экендигин, убактылуу өкмөт укуктук талаада иш алып баруусу зарылдыгын билдирди”,-дейт А.Абдырасулова.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү К.Бакиев менен сүйлөшүүгө барбастыгын маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG