Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Коопсуздук кызматы элге кайрылуу жолдоду


Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери өлкөдө тагдыр чечүүчү оор мезгилде туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бардык күч аракетин жумшоого даяр экендиги айтылган. Ошондой эле коопсуздук кызматынын кызматкерлери убактылуу өкмөттүн чечимдерин аткарууга, демократияны бекемдөөгө жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга салымдарын кошорун белгилеген.
Өлкө калкын мамлекеттин эгемендүүлүгүн, эл биримдигин сактоого чакырып, улут аралык жаңжалды чыгаруучуларга каршы туруп, аймактык бөлүп-жарынууларга, коомдо баш-аламандыкты уюштургандарга бөгөт коюп, укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырган. (AJ)

XS
SM
MD
LG