Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Медведев: Кыргызстан жарандык согуш босогосунда турат


Орус президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандын түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнүп калуу коркунучу бар деп билдирди. Кечээ Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Медведев мындан аркы кан төгүүлөрдү, жарандык согушту алдын алуу керектигин белгиледи:

- Менин көз карашымда Кыргызстан азыр жарандык согуштун босогосунда турат. Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр кыргыз эли, кыргыз мамлекетинин алдындагы жоопкерчилигин түшүнүүгө тийиш.

Медведев уруш башталса, өклөгө ар кандай радикалдар агылып, Кыргызстан экинчи Ооганстанга айлынып кетиши мүмкүн деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG