Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Польша президент Лех Качински менен коштошууда


Польшалыктар президент Лех Качински жана жубайы Мария менен коштошуп жатышат. Жамгырга карабай президенттик сарайдын алдында миңдеген адам узун кезек күтүп турушат. Качинскилер дагы 90 киши менен кошо өткөн ишмебиде Смоленск шаарынын жанында авиакырсыкка учурап каза болушкан. Орус бийликтеринин маалыматына караганда, азырынча 64 кишинин сөөгү аныкталды.
Президенттин таажыясына катышуу үчүн Краков шаарына АКШ, Россия, Франция мамлекет башчылары барышат деп күтүлүүдө.
Польша мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Бронислав Коморовски эрте президенттик шайлоонун мөөнөтүн бүгүн жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG