Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Иран уран байытуу процессин улантууда


Тегеран 20 процентке жеткирип байытылган урандан 5 килограмм өндүрдү. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн ядролук маселелер боюнча жооптуу өкүлү Али Акбар Салехи маалымдады. Иран бул процессти 9-февралда баштаган. Салехи ИСНА кабар агенттигине билдиргенине караганда, Тегерандагы атомдук реактор үчүн айына 1 жарым килограмм байытылган уран керектелет. Дүйнөнүн кубаттуу мамлекеттери Тегеран жашыруун түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп, уран байытуу процессин токтотууну талап кылышууда. Иран болсо андай айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG