Нарын шаарынын борбордук аянтында болгон митингди «Биримдик» коомдук бирикмеси уюштурду. Сөз алгандар учурдагы убактылуу өкмөттү коррупциядан тазалоо, өлкөдөгү жана облустагы башкаруу кеңештердин мүчөлөрүнүн курамын тыкыр кароо талаптарын айтышты. Ал эми ардагер Абдрахим Жусупжанов эл тарабынан шайланган губернатор Адылбек Эсенбеков теңтушун облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басарлыгына алып келгендигин, мындай өң тааныштыкты токтотуу керектигин белгиледи. Бул маалыматты облус жетекчиси ырастап, жогору жак менен кеңешип, таанышы Талант Кадыровду кызматка койгондугун тастыктады. (KUs)