Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Жалал-Абад шаар башчысы Медер Үсөнов кызматын өткөрүп берди


Шаар бийлигине бала-чакасы менен кирип барган кырктай адам мэрдин милдетин аткарып жаткан Медер Үсөновду кызмат орунун бошотууну талап кылышты. Алар шаар башчыны К. Бакиевдин жактоочусу болгонсуң деп айыпташкан. Көпчүлүгү аялдар болгон адамдар менен кер-мур айтышууну каалабаган Медер Үсөнов жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтыкты сактоо үчүн кызматын убактылуу токтотконун билдирди. Шаар бийлигин ээлеп алган адамдар Жалал- Абаддын мэр кызматына Асылбек Таштанбековду дайындашкан. А. Таштанбеков эки-үч жыл мурун аталган шаар башчынын орунбасар - аппарат башчысы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG