Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Бакиев убактылуу өкмөттү мыйзамдаштырууга жардам берүүгө даяр


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди. Апрель окуяларын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссияга кирген укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова кечээ президент Курманбек Бакиев менен жолугуп чыгышты. Анда президент убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу сакталса апрель окуялары боюнча сот алдында жоопкерчиликти тартууга макул экенин айтты. Р. Отунбаева кечээ К. Бакиев менен жолугушуунун форматын иштеп чыгуу зарыл, деп билдирди. Убактылуу өкмөт К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Аны кармоо боюнча атайын операция даярдалып жатканын билдирген. Бишкекте апрель ыңкылабында сексенден ашуун адам өлдү. Жүздөгөн адамдар жарат алышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG