Учурда Ош шарында өтүп жаткан элдик курултайга президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери барды. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына ылайык, жүзгө чукул адам кичине автобустар менен келип, элдик курултайдын катышуучуларына кол көтөрүп, алардын транспаранттарын тытып, К.Бакиев келе жатканын айтышты. Окуя болгон жерге убактылуу өкмөттүн өкүлү Дүйшөн Чотонов барып, элди тынчтыкка чакырып, чагымчылардын аракетине жол берилбестигин айтты. Учурда утурумдук бийликтин өкүлдөрү митингдин катышуучуларын таратканы менен чогулгандар К.Бакивге каршы болгондор жана аны колдогондор болуп экиге бөлүнүп, тирешип турат. Аларды милиция көзөмөлдөөгө аракет кылууда. (AiJu)