Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:46

Исмаил Исаков толук акталды

Бүгүн Аскердик сот мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду толугу менен актады. Ага 11-январда Бишкек гарнизондук соту кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагып, сегиз жылга кескен. Ошондой эле генерал-лейтенанттык аскердик наамынан ажыраткан. Муну Исаков өзү саясий куугунтук деп эсептеп келген. Оппозиция лидерлери Исмаил Исаковду 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин абакта отурган жерден бошотуп келген. Азыр ал убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коргоо министринин милдетин аткарууда. (AiJu)
XS
SM
MD
LG