Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Партиялардын курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү


Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан биримдиги” жана “Таза коом” республикачыл партияларынын биргелешкен жыйыны өттү. Жыйынга белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер: Э. Өмүралиев, Ж.Сааданбеков, К.Алымкулов, генерал Т.Асаналиев, Т.Кулмырзаев, М.Абдылдаев, Т.Мадияров, С.Медеров, Т.Акеров, Э.Аманалиев жана башкалар катышты. Иш-чарада бүгүнкү саясий кырдаал талкууланды. Чогулгандар жыйын соңунда эки партия ортосунда кызматташууну колго алуу чечимин чыгарды. Партиялардын курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын төрагалыгына Тургун Кулмырзаев дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Т.Акеров билдирди.(AiJu)

XS
SM
MD
LG