Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева элди сабырдуулукка үндөдү


Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева учурдагы кырдаал жөнүндө коомчулукка билдирүү жасады. Ал президент К. Бакиевди “Кыргызстандын элин экиге бөлүп-жарууну токтотпой, ансыз деле жардын кырында турган кырдаалды курчутуп, дүрбөлөң салууну улантууда”, деп айыптап, бүгүн анын Ошко барып элден колдоо таппай чыгып кеткенин баса белгиледи. Билдирүүдө ошондой эле элди ээнбаш күчтөрдүн азгырыгына кирбөөгө, тынчтыкты жана сабырдуулукту сактоого чакыруу айтылган.

XS
SM
MD
LG