Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

24.kg маалымат агенттигин басып алуу аракети болду


Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Болот Көлбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кечке жуук агенттиктин кенсесине өздөрүн Коопсуздук кызматынын өкулдөрү деп тааныштырган жыйырмадай куралчан адам келип, кызматкерлерди сыртка кууп чыгып, компьютерлерди өчүрүп салган. Алар мындай аракет Коопсуздук кызматынын буйругу менен жасалып атканын айтып, бирок тиешелүү документти көргөзгөн эмес. Окуя болгон жерге утурумдук өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Текебаев келип, алардын чыгып кетүүсүн суранганда, басып алууну каалап келгендер кетип калышкан. Ө.Текебаев менен байланышканыбызда, ал агенттике келгендер чын эле Коопсуздук кызматынны өкүлдөрү экенин, мындай аракеттер мындан ары кайталанбасына аракет көрүлөөрүн билдирди.

Бул окуя боюнча прокуратура менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.(AiJu)

XS
SM
MD
LG