Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Пакистан: Провинциянын атын өзгөртүү кан төгүүгө алып барды


Пакистан Сенаты басымдуу көпчүлүк добуш менен Түндүк Батыш чек ара провинциясын Хайбер Пахтунхва деп атоо жөнүндө мыйзам кабыл алды.

Түндүк Батыш чек ара провинциясын “Пуштун жери” деп атоого каршы апта башында Хазара аймагында нааразылык акциялары башталган. Ырасмий маалыматтар боюнча, бүгүнгө чейин кагылышууда 11 киши өлдү жана 100дөн ашуун адам жарадар болду. Түндүк Батыш чек ара провинциясынын көпчүлүк калкы пуштундар. Хазаралар пуштундардан бөлөк этнос.

XS
SM
MD
LG