Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

К. Бакиевдин күнөөсү далилденсе кайсы жерде болсо да жоопко тартылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов билдирди. Дүйнө лидерлери жана эл аралык уюмдар менен көп күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин, мурунку президенттин күнөөсү далилденсе жоопко тартыларына кепилдик берилгенден соң гана Курманбек Бакиев өлкөдөн убактылуу чыгарылганын тастыктады. К. Бакиев президенттик кызматынан кеткени тууралуу арыз жазып бергенин маалымдады. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Соодабаев бул тууралуу атайын билдирүү жасады. Анда казак, АКШ жана орус президенттеринин бирдиктүү аракети, ошондой эле ЕККУ жана БУУнун арачылыгынын натыйжасында Кыргызстандын убактылуу өкмөтү президент Курманбек Бакиев менен аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлгөнү айтылат. Бул өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда, жарандык тирешүүнүн алдын алууда өтө маанилүү кадам экени белгиленген. К. Бакиев азыр Казакстанда. Анын жанында жүргөн мурунку коргоо министри Бакыт Калиев кармалганы кабарланды. Мурунку президенттин иниси Жаныш Бакиевдин кармалганы тууралуу маалымат түшүп жатат. Убактылуу өкмөт азырынча муну расмий тастыктай элек. К. Бакиевдин бийлиги 7-апрелде кулатылган. Бишкектеги ыңкылапта сексенден ашуун адам өлүп, дагы жүздөгөн кишилер жарат алышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG