Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев кечээ Жалал-Абад шаарында күч органдары тарабынан кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлады. Ошондой эле Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев дагы кармалганы айтылууда. Бирок Баш прокуратурадан бул тууралуу азырынча маалымат жок экенин айтышты.(AiJu)