Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Милицияны ким коргойт?


Апрел ыңкылабында Ички иштер органынын эки кызматкери каза болуп, алты жүздөн ашуун милиция түрдүү жаракат алып, алтымышка чукулу ооруканада, төртөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор.

Ооруканадагы милициялар кызматтык милдеттерин, тиешелүү жетекчилердин буйругун аткарышканын, элге каршы ок атуучу курал колдонушпаганын айтып, мыйзамдын чегинде жетекчилеринин буйругун аткарышып, кыргыз бийлигинин коопсуздугун сактап калууга барганын, натыйжада саясаттын курмандыктарына айланып, өздөрүнүн укуктары корголбой калганын айтышууда.

Таласта элдик толкунду басуу аракети. 2010-жылдын 6-апрели.
6-апрелде Таласта элдин ур-токмогунан жабыр тарткан Бишкек ИИБнин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Улан Рысбеков Бишкектеги ички иштер органдарынын кызматкерлерин жетекчилер чукул чакырып, буйрук берип көтөрүп, эки учак менен эки жолу ташып, беш тик учак менен жалпысынан 200 кызматкерди Таласка алып барышканын белгиледи.

У.Рыскуловдун белгилешинче Таластын эли жергиликтүү бийликтин эки жүздүү саясатынан тажагандыгынан, губернатордун шайлоолорду бурмалап, элди алдап, буурчак маселесин туура эмес чечкенинен улам жек көрүү сезимдери чектен чыгып, кызуу кандуулукка алдырып, октон-бектен кайра тартпай бийликке каршы чыгышкан.

Анын айтымында, милиция кызматкерлерине Таласта 500гө чукул адам чогулду деп Улуттук коопсуздук кызматы жалган маалымат берген. Губернаторду барымтадан бошотуу операциясынан кийин элдин толкуну күчөп, тартип коргоо кызматкерлери калың элдин ур-токмогуна кабылган.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна бийликтин “сасык саясаттынын” курмандыктары болууда, дейт У.Рыскулов.

-Милицияларды резина сыяктуу колдонду да. Мына А.Акаев дагы К.Бакиев дагы колдонду. Биз киришпей турган ишке кийлигиштирди. Көрсөтмө берип жаткан жогору жактагылар. Милицияны саясатка аралаштырып жиберишти. Мамлекеттин ички коопсуздугун камсыз кылабыз десе биринчи ички иштер органын тартипке келтириш керек. Ички иштер органынын мыйзамына көп өзгөрүүлөрдү киргизиш керек.

У.Рыскулов Таласта элге милиция кызматкерлери курал колдонбогонун, ал жерде массалык баш-аламандыкты уюштурган топ үчүн атайын каражаттар колдонулганын кошумчалады.

Негизинен 7-апрелде Ала-Тоо аянтында ак үйдүн үстүнөн снайперлер элге ок чыгарып жатканына күбө болдук. Алдыңкы катардагы милициялардын колунда резина таяк, калкан бар эле. Ак үйдүн алдында каз катар тизилген атайын даярдыктагы жоокерлер тараптан автоматтын огу чыгып турду.

Ыңкылапта башынан жаракат алган күзөт полкунун кызматкери Максат аттуу жигит милиция элге курал колдонбогонун, топтолгон элди атайын каражаттар менен таркатууга аракет кылышканын айтты:

-Биздин бардыгыбызга буйрук болду. Атайын мыйзамда жазылган. Ошонун негизинде иш аткарабыз. Биз эч качан элге ок аткан эмеспиз жана атпайбыз дагы.

Ал эми аты-жөнүн атагысы келбеген милициянын майорунун билдиришинче 6-7-апрелде элдин толкунун басуу үчүн Ак үйдүн алдына ИИМдин кайгуул күзөт полкунун, шаар-райондун милиция кызматкерлери, Э.Алиев атындагы милиция Академиясынын 4-5-курстун курсанттары тартылган.

Маалыматка караганда Милиция академиясынын 4-5-курсунун курсанттары Ак үйдүн жанында элдин толкунун тосууга биринчи катарга коюлган. 7-апрелде калың элдин биринчи чабуулуна ошол курсанттар кабылып Никита Куш менен Эдил Такырбашев каза болуп, ондогон курсанттар жаракат алган.

Ок атылып эл Ак үйдү көздөй каптап киргенде Академиянын башчысы, генерал Абдыкапар Мавлянов курсанттарын таштап качып кеткени айтылууда.

Бишкектин Свердлов, Октябрь, Биринчи май, Ленин райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери дагы кызматкерлерин тополоңго таштап коюп качып кетип, азыр деле баягы ордунда отурат деген маалымат бар.

Дагы бир укук коргоо органынын кызматкеринин маалыматына караганда, милицияларга өз денесин коргоочу жабдуулар менен жабдып, колдоруна резина союл, калкан менен камсыз кылып айрымдары резина менен атуучу курал, көздөн жаш агызуучу газ жана ири өлчөмөгү катуу үн чыгаруучу жардыргычтар, психологиялык чабуул үчүн кур дүрмөт автоматтар менен куралданган.

Анын айтымында, Ак үйдүн үстүндөгү снайперлер бейкүнөө адамдарды кырып, жыйынтыгында тартип коргоо кызматкерлери элге жек көрүндү болуп калды.

7-апрелде эртең менен “Форумдун” жанында белгиленген Элдик курултайдан маалымат алганы барганыбызда милиция кызматкерлери
Бишкектеги элдин нааразылыгы. 2010-жылдын 7-апрели
элди “Форумдун” жанына өткөрбөй аягы тирешүүгө айланды. Алар биринчи элге көздөн чыгаруучу газ атып, андан соң автоматтын үнү чыкты. Толкуган эл алардын бир автоунасын төңкөрүп жибергенде ичинен согушта колдонуучу гранатамет, пулемет, автомат, ок-дарылар чыккан.

Жаалданган эл алгач Бишкек ИИБнин имаратын алабыз деп Алмата көчөсү менен баратып, Чүй проспектиси менен түз эле Ак үйгө карай бет алган.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулла Ахмедов айрым басылмалар милиция кызматкерлерин элге ок атты деп мыкаачы көрсөтүп жатканынын өзү туура эмес, алар дагы кыргыздын уул-кыздары, тескерисинче жабыр тарткан милицияларга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү зарыл деп эсептейт.

Айрым талдоочулар милиция кызматкерлери кийинки үч жыл аралыгында кылмыш дүйнөсү менен ымалалашып, оор кылмыштардын бетин ачуунун ордуна болбогон нерселер менен карапайым адамдарды “сындырып” пара алуу күчөп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап, элге орой мамиле жасаганынан улам калктын каарын келтиргенин айтышууда.

Ооруканада дарыланып жаткан подполковник У. Рыскулов жаракат алган катардагы милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү учурда каражаттары жок, карызга батып, жашоо-шарты кыйын экенин, аларга эч бир жактан көңүл бурулбай жатканын белгиледи.

Жолдошун көргөнү ооруканага барган Айгүл аттуу келин милиция күйөөсү “Форумдун" жанында жарадар болгонун, учурда жокчулуктун азабын тартып жатканын айтты:

-Мен эч жерде иштебейм Жолдошум беш миң сом алчу. Азыр ооруканага күнүгө тамак жасап келип, каражатты кошуналардан карыздап алып, жашообуз кыйын эле болуп баратат. Жаныбыздагы дүкөндөргө карызга жаздырып продукту алып жатабыз. Буларга деле жөлөк пул берүүнү убактылуу өкмөт карап чыкса жакшы болот эле.

ИИМдин республикалык госпиталынын дарылоо бөлүмүнөн Саламаттык сактоо министрлигинен, эл аралык уюмдардан дары-дармектер госпиталга жетиштүү түрдө берилбегенин, дарыгерлердин күнү-түнү иштеген түйшүктүү эмгеги эске алынбай жатканын билдиришти.

Кагылышуудан эл дагы, милиция дагы жабыр тартты. 2010-жыл 7-апрел.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулла Ахмедовдун айтымында, эл менен кагылышууда каза болгон жана жаракат алган милиция кызматкерлерине мыйзамдын негизинде жана убактылуу өкмөттүн декретине ылайык жөлөк пул төлөп берүү боюнча атайын комиссия иштеп жатат.

-Азыркы учурда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязовдун тапшырмасы менен керектүү компенсация алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп ал өз ишин жүргүзүүдө. Бүткүл төлөмдөр Ички иштер министрлиги жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жана убактылуу өкмөттүн чыгарган декреттердин негизинде жүргүзүлөт. Андан сырткары милициянын ардгерлери өздөрү акча каражатын чогултуп, каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жарадар болгондорго жардам иретинде берди. Гуманитардык жардам берүүгө башка уюмдар дагы бар.

Р.Ахмедов белгилегендей Конституцияга ылайык милиция кызматкерлеринин негизги иш алкагы өлкөдө коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамдуулукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү.

“Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абыдрасулова апрел ыңкылабындагы кайгылуу окуяны бир жактуу укук коргоо органдарына оодаруу туура эместигин, жалпы жонунан апрел ыңкылабы боюнча укук коргоочулардын атайын комиссиясы иликтеп чыккандан кийин татыктуу баасын беришерин белгиледи.

Ошол эле учурда убактылуу өкмөт эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлерине эч кандай жардам көрсөтпөсө, анда милиция коомдук тартипти камсыз кылуусу, кылмышкерлерден жарандарды коргоосу чоң суроону жаратат, дейт А.Абдырасулова.

XS
SM
MD
LG