Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Максим Бакиевге карата кылмыш иши козголду


“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекеттик насыяны максатсыз пайдалануу” беренелери боюнча Баш прокуратура кечээ Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгоду. Былтыр февраль айында Кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтү ортосунда орус тараптан Кыргызстанга 40 жылга үстөк пайызы жылына 0,75 % түзгөн 300 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишим түзүлгөн. М. Бакиев Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы кызматын ээлеп турганда пайда көрүү максатында ал насыянын 35 млн. долларын өзүнө тиешелүү коммерциялык банктардын эсебине которуп салган. Калган каражатты Өнүктүрүү фондунун директору А.Елисеев М.Бакиев менен сүйлөшүп алып, Евгений Гуревичтин “MGN Asset Management” компаниясына которуп жиберген. Е. Гуревич өз кезегинде колго тийген кредитке республиканын чегинен сырткары биржалардан баалуу кагаздарды сатып алып кайра сатып, каалагандай туйтунган. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG