Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Маркум Б.Эркинбаевдин эжеси пикетке чыкты


Жалал-Абад шаарында облус бийлик имаратынын алдында учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон маркум Баяман Эркинбаевдин эжеси Уркуя Эркинбаева пикетке чыкты. Ал жаңы бийликтен инисин өлтүргөндөрдү таап берүүнү, ага байланыштуу иш кайрадан иликтенүүсүн талап кылды. "Баяманды канкор Курманбек Бакиев өлтүргөн, "Жалал-Абадды Бакиевдердин үй-бүлөсү уят кылды" деген жазуулары бар плакатты көтөрүп алып, таңдан түшкө чейин турду. Бул тууралуу "Азаттыкка" аймактагы кабарчы билдирди.

Б.Эркинбаев парламенттин үчүнчү чакырылышынын депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болгон. Аны 2005-жылы сентябрда Бишкекте үйүнүн жанынан атып кетишкен. (AiJu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG