Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Жанардын күлү Түндүк Европада авиакаттамдарды токтотууда


Исландияда 14-апрелде жарылган жанардын кесепетинен Түндүк Европанын көптөгөн аэропорттору жабылып, эл аралык каттамдар учпай калды. "Евроавиа" агенттиги Британия, Германия, Скандинавия өлкөлөрүнүн артынан Австрия, Литва, Латвия, Эстония жана Польшанын да аба мейкиндигин жапты.

"Евроавианын" маалымдашынча, береги өлкөлөрдөн учактар дагы 24 саатка чейин учпашы мүмкүн.

Буга байланыштуу Польша президенти Лех Качинскийдин жана анын аялынын 18-апрелге белгиленген таажиясы кийинге жылдырылышы мүмкүн экенин ырасмий Варшава эскертти.

XS
SM
MD
LG