Көпчүлүгүн жаштар түзгөн эки жүздөн ашык адам УТРКнын алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар утурумдук бийликтен мурдагы президент Курманбек Бакиевди кайра өлкөгө алып келүүнү, анын жакындарын жана мурдагы бийлик учурунда иштеген аткаминерлердин жазага тартылуусун талап кылууда. Чогулгандар К.Бакиевди эл аралык комиссия эмес, элдик сот соттошу керек деп айтышты. Ошондой эле бул талаптарды УТРК аркылуу түз эфирде утурумдук өкмөткө жеткирүү үчүн эфир сурашты. Чогулгандардын алдына Улуттук биринчи каналдын жаңы жетекчиси Кубат Оторбаев чыгып, 3-4 адамга эфир берилээрин убада кылды.
Мындан соң чогулгандар Коргоо министрлигине бет алышты. Алар Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковго барып, "Бакиевди качырбайбыз" деген убадасына эмнеге турбаганын сурайбыз деп атышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Бийликтен кулаган президент К.Бакиев кечээ кечинде Жалал-Абаддан Казакстанга учуп кеткен(AiJu).