Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Чүйдө ок атуу, талап-тоноо токтой элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ Сокулук районунда үч жигитти белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Алар жергиликтүү ооруканада дарыланууда, абалдары орто. Азырынча кылмышкерлер туурасында маалымат жок. Ошондой эле ушул аптада Чүй облусунун мурдагы губернатору К.Сыйдановдун короосунан 300 кой жоголгон. Ал бул туурасында Москва районунун акиминин милдетин аткаруучу С.Аргынбаевге билдирген. Ушул тапта мал табылып, ээсине кайтарылды. Облуста мурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн турак-жай, мал-мүлкүнө кол салуулар дале орун алып жатканы кабарланууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG