Россия президенти Дмитрий Медведев 15-апрелде Бразилиядагы сапары соңунда өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандагы саясый кризисти жөндөөгө түрдүү өлкөлөрдүн саясый күчтөрү катышканын белгилеп, анын себебин мындай түшүндүрдү:
-Бул кырдаалга кийлигишүү үчүн жасалган жок. Бул күнкорсуз өлкөнүн өз иши эмеспи. Кан төгүүдөн качуу керек болчу. А кырдаал ушу багытта өнүгүп жатты.
Медведев регион аралык мааниге ээ ири долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын жаңы өкмөтү шайлоо аркылуу мыйзамдаштырылгандан кийин гана ишке ашырыларына көңүл бурду.