Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Жаныш Бакиевди кармоо операциясы жүрүүдө


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында утурумдук өкмөттүн өкүлү, сот, прокуратура жаатын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Ж.Бакиев өз ыктыяры менен күч органдарына колго түшүп берүүнү убада ылып, аны аткарган жок. Ал эми аны колго түшүрүүдө кан төгүлбөш үчүн дипломатиялык ыкмаларды колдонуу аракети көрүлүүдө.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев мурдагы бийликте Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген. Утурумдук өкмөт аны апрель ыңкылабынын катышуучуларына ок атууга буйрук берген деп күнөөлөөдө. 14-апрелде мурдагы президент Казакстанга учуп кеткен соң, Ж.Бакиев Жалал-Абаддын Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүндө калган.(AiJu)

XS
SM
MD
LG