Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

А.Бекназаров: Мурдагы бийлик өкүлдөрү кармалууда


Бүгүн утурумдук өкмөттүн өкүлү, прокуратура, сот жаатын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, анда мурдагы президент К.Бакиевдин айланасындагы жогорку кызматты ээлеп турган адамдарга экономикалык кылмыштар жана 7-апрелдеги кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголгондугун билдирди. Учурда мурдагы биринчи вице-премьер министр А.Жапаров, мурдагы Бишкек шаар мэри Н.Түлеев, мурдагы коргоо министри Б.Калыев жана башкалар сурак берүүдө. Ал эми айыпталып аткандардын бир даары чет элге качып кеткендиги, бирок баары бир алар дагы мыйзам алдында жооп бере турганын А.Бекназаров билдирди.(AiJu)

XS
SM
MD
LG