Варшаванын борбордук аянтындагы азалуу митингге жүз миңдеген адамдар келип жатышат. Бүгүн эрте менен бүт өлкө боюнча коңгуроолор кагылып, сиреналар жаңырды. Саат сегизден 56 мүнөт өткөндө бардык шаарларда автомобилдердин жана көчөдөгү адамдардын кыймылы бир нече саамга токтоп турду. Өткөн аптада дал ушул маалда Смоленскиде президенттин самолету жерге конордо кырсыкка учурап, Лех Качински менен бирге анын аялы, аскербашчылар, депутаттар, диний кызматкерлер, баары болуп 96 киши набыт болгон эле.