Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Жалал-Абад: Бакиевдин тарапкерлери облустук бийликтин имаратына кирип алды


Аймактагы “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдаганы боюнча, учурда Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратынын алдында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 700дөй тарапкерлери турат. Алар бийликке Курманбек Бакиевдин келүүсүн талап кылууда. Чогулгандар имаратка эч кимди киргизбей атышат. Алардын айрымдары имараттын ичинде дагы жүрөт, бирок так саны канча экени белгисиз. Облустук бийликтин башчылары жана акимчиликтин кызматкерлери алар кирип барганда эле иш ордуларын таштап, сыртка чыгып кеткени кабарланууда. Облустук бийлик өкүлдөрү менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. (AiJu)

XS
SM
MD
LG