Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Апрель окуяларында жапа тарткан ИИМ кызматкерлерине көмөк көрсөтүлөт


Апрель окуяларында 80ге чукул милиция кызматкерлери кызмат учурунда ар кандай даражадагы жаракаттарды алса, 25и ИИМдин госпиталында дарыланууда. Кагылышуулар учурунда жапа чеккен милиция кызматкерлерине 2500 сом өлчөмүндө акчалай көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин маалыматтык башкаруу жана коомдук байланыш башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ Жалал-Абадда милиция кызматкерлери митингге чыккан. Алар утурумдук өкмөткө Талас, Бишкекте өткөн апрелдеги кагылышууларда жаракат алган тартип сакчылары тууралуу жөндүү маалымат элге жетпей атканын, милицияга жакшы көңүл бурулбай, алардын көбү социалдык жаткан начар абалда экенин айтып чыкты. Алар менен утурумдук өкмөттүн өкүлү, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов жолугушкан. (GA)

XS
SM
MD
LG