Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, 8-майда партиянын алгачкы курултай өткмөкчү. Ошондой эле ал Убактылуу өкмөт ага тышкы иштер министри кызматын сунуштаганын, бирок андай сунуштан баш тартканын, анткени мурдагыдай эле бийликтеги партиялар арасында кызмат бөлүштүрүү процесстери башталып, иштеп аткан профессионалдар кызматынан айрылып калганын, мындай саясат кайра эле саясий кризиске кептелерин баса белгиледи.
“Убактылуу өкмөттөгүлөр көптөгөн кызмат орундарын алмаштыруу аркылуу алдыдагы шайлоолордо административдик ресурстарга ишенип атышат. Бирок эми андай болбойт”,- дейт А.Жекшенкулов.
Өз кезегинде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кадрдык маселеде маанилүү кызмат орундары гана алмашып атканын, алты ай аралыгында өтүүчү шайлоолордон кийин жаңы бийлик келерин айтышууда. (IJz)