Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Чакан жана орто бизнес коргоого муктаж


Мындай пикирин “Азаттыкка” мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди.

А.Жекшенкуловдун пикиринде, ушул тапта Каржы полициясы, Ички иштер министрлиги, прокуратура сыяктуу органдардан чакан жана орто бизнести текшерүүлөр күч алып, айрым жерлерде рейдерлик (бизнести тартып алуу) аракеттер болуп атат.

“Өлкө экономикасын чакан жана орто бизнес кармап турат. Эгер буларга баскынчылык токтотулбаса экономикабыз туңгуюкка такалат. Андыктан ушул тапта чакан бизнести текшерүүгө тыюу салып турган оң. Ал эми мурдагы президентке жана анын жакындарына тиешелүү делген ири ишканалар мыйзам чегинде, ачык текшерилип, мамлекетке кайтарылуусу керек”,- дейт А.Жекшенкулов.

Ал эми Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун айтымында, эч бир ишкана жөн жеринен текшерилбейт жана бир дагы бизнести бийликте тургандар өз ара бөлүп алуу ниеттери жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG