Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Пакистандын түндүгүндө бүгүн да кол салуу болду


Пакистанда дүрмөттөлгөн машина жарылып, кеминде 7 карапайым киши каза тапты. Жараат алган 32 кишинин арасында 9 полициячы бар экени кабарланууда. Маалыматтарга караганда, бомба коюлган унаа Кохат чөлкөмүндөгү полиция бөлүмүнүн имаратын сүзүүнү көздөгөн. Бирок бомба ага чейин эле жарылып кеткен. Ушул эле чөлкөмдө ишембиде жер которгон адамдарды каттоого алган борбордо эки жардыруу болуп, 41 киши окко учкан, 60тайы жараат алган.

XS
SM
MD
LG