Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кандуу окуяда каза болгондордун саны 85ке жетти


7-апрелде Ак үй алдында мээсине ок тийип ооруканага түшкөн Кудурет Ашыров түнкү саат үчтөрдө каза болду. Бул тууралуу травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, К.Ашыров буга чейин ооруканада өзүнө келбей жаткан. Ушул тапта аталган борбордо ыңкылап учурунда жаракат алган 118 адам дарыланып жатат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG