Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Ошто милиция кызматкерлери митингге чыкты


Ош шаарынын борбордук аянтына чыккан милиция кызматкерлери 7-апрелдеги ыңкылап алдында Таласта катуу сабалган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин саламаттыгына тынчсызданып, анын абалы кандай экенин телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүүнү, ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары Расул Раимбердиевди суракка чакырууну токтотуп, кайра ордуна коюуну талап кылышууда. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечип, маянасын көбөйтүү талабын да коюшту.

Нааразылыкка чыккан милиция кызматкерлери менен Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков жана Оштун мэри Мелис Мырзакматов жолугушуп, жаңы бийлик алар козгогон социалдык маселелерди чечүү аракетин көрөөрүн, мындан ары милиция кызматкерлери мурдагыдай саясий максатта колдонулбасын билдиришти.

Бул тууралуу билдирген Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин баамында, митингге чыккан милиция кызматкерлеринин саны миңге чукул. (SM)

XS
SM
MD
LG