“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, митингге чогулгандар губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун эл алдына чыгуусун талап кылып жатышат. Мындан сырткары Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаевге нааразылыктар айтылууда. Ошондой эле Жалал-Абаддын Ленин көчөсү тарабынан 55 атчан келип, областтык акимчиликтин алдындагы чогулгандарга кошулду. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, митингге чогулгандардын айрымдары бул пикирлер жыйырма чакты адамдын гана пикири экенин белгилешкен. (КЕ)