Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

А. Атамбаев казак тараптан чек араны ачууну суранды


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 18-апрелде Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматта бул сүйлөшүүдө Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасын ачуу маселесин козгоп, чек арада көп сандаган автоунаалар токтоп турганын айткан. Ошондой эле жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн күйүүчү май маселесин козгогон.

Казак премьер-министри Карим Масимов Кыргызстандагы кырдаалды түшүнүү менен бул маселелерди чечүүдө убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.(SM)

XS
SM
MD
LG