Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

А.Атамбаев Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштү


Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 18-апрелде Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда Кыргызстан-Казакстан чек арасын ачуу маселеси, чек арада бир топ транспорттордун топтолуп калгандыгы сүйлөшүлгөн. Атамбаев айдоо иштерине байланыштуу күйүүчү жана майлоочу майга квота бөлүү маселесине басым жасаган. Казак өкмөтү өлкөдөгү кырдаалды түшүнүп, Убактылуу өкмөттү колдоого даяр экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG