Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Конституцияда парламенттик республиканын принциптери жазылды


Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, жаңы Баш мыйзамда парламенттик республика деп жазылган эмес, бирок анын негизги принциптери бар. Мындан сырткары эки-үч жуманын ичинде Улуттук телеканалдын негизинде коомдук сыналгы долбоору талкууга коюлат. Маалыматтарга караганда, расмий долбоорго атаандаш башка долбоорлорду коомчулук өкүлдөрү да даярдашууда. Ал эми Убактылуу өкмөт бүгүн кечинде Конституциянын жаңы долбоорунун негизги вариантын жактырууга чогулмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG