Теңдик айылынын тургуну Жамиля Разакованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эки миңге чукул Маевка айылынын тургундары Бишкек мэриясынан жер берүүсүн талап кылып жатышат. Чогулгандарга милиция кызматкерлери келип, бул жер түрктөрдүн менчик жерлери экенин айтып, аларды тарап кетүүгө чакырган. “Милициялар ок атып, түрк аялдар таш менен урушту. Биз азыр мэрияга кетип жатабыз”, - дейт Ж.Разакова. Анын айтымында, үч киши октон жараат алып, тез жардам менен ооруканага жөнөтүлдү. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов чогулгандар айылдык милиция бөлүмүн өрттөп жиберишкенин айтып, бир дагы милиция кызматкеринин колунда курал жок болгонун билдирди. Р. Ахмедовдун айтымында, шаар мэриясынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. (КЕ)